26-июндан тартып Бишкектеги М. Иманалиев көчөсүнүн Байтик баатыр көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолду реконструкциялоо жана жакшыртуу иштеринин биринчи этабына байланыштуу унаалардын кыймылы убактылуу чектелет.
Мындан тышкары, реконструкциянын экинчи этабынын алкагында М. Иманалиев көчөсүнүн Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн 7-Апрель көчөсүнө чейинки бөлүгүндө да кыймыл чектелет.