Кыргызстанда кезектеги президенттик шайлоо келерки жылдын 27-январда болот. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев бүгүн, 24-июнда парламентте билдирди.
Ал Жогорку Кеңеш бүгүн кабыл алган мыйзам долбооруна ылайык, президенттик шайлоо мыйзам боюнча январь айынын акыркы жекшембисинде өтөт деген жобо «январь айынын акыркы шаршембисинде өтөт» деп өзгөртүлгөнүн белгиледи.
«Азыр эле биз сунуш киргизип, «январдын акыркы шаршембисинде өтсүн» деп өзгөртүү киргиздик. Бул деген 27-январда президенттик шайлоо болот дегендик. Мунун себеби элдин шайлоого катышын камсыздоо, кворум түзүү. Сиздер жакшы билесиздер, буга чейин да элдин шайлоого аз келерине нааразылык айтылып келген. Мисалы, Бишкекте добуш берүүгө шайлоочулардын 15% ашууну гана келишчү», — деди Маматалиев.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеш 24-июнда экинчи жана үчүнчү окууда президент жана парламент депутаттарын шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» конституциялык мыйзам долбоорун кабыл алды. Мыйзам долбоору үчүн 79 депутат добуш берди.