• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Досбол Нур уулу: Мыкты кадрлар Кыргызстандан түнөк таппай, чет өлкөдө жүрүшөт

4 Бирдин айы 2021 17:18 Бишкек Govori.TV


Кыргызстанда кадр маселесин кайра калыбына келтирүүгө болот. Бул тууралуу коомдук ишмер, мурдагы мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу Govori.TVнын «Ачык айт» программасында билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө мыкты кадрлар Кыргызстандан түнөк таппай, чет өлкөдө жүрүшөт.

«Эгемендик жылдарында Кыргызстандын ыраттуу кадр саясаты талкаланды. Бул үй-бүлөнүн карамагына өтүп калды. Тууганчылык, жердешчилик, куда-сөөктүн жардамы менен кызматка келип калышат. Биздин кризис кадр маселесине байланыштуу. Ошол үчүн чоң кызматка келе турган кадрларды тесттен өткөрүү керек. Шектүү кадрларды башында эле жолго салуу маанилүү»,-деди Досбол Нур уулу.

Количество просмотров: 150