• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Доскул Бекмурзаев Энергетика министри кызматынан четтетилди

14 Аяк оона 202217:27 Бишкек Govori.TV

Башкы прокуратура 2 кылмыш ишин козгогон Доскул Бекмурзаев тергөө мезгилине КР энергетика министри кызматынан убактылуу четтетилди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66 жана 71-беренелерине, ошондой эле 89-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Бекмурзаев Доскул Жумагулович тергөө мезгилине Кыргыз Республикасынын энергетика министри кызматынан убактылуу четтетилди.

Эске салсак, Башкы прокуратура Бекмурзаевге «кызмат абалынан кыянат пайдаланууга» байланыштуу эки кылмыш иши козголгонун кабарлаган. Анда министр тармакта адис эмес кызматкерлерди чет өлкөгө жиберип, мамлекеттин каражатын кетиргени, курулуш иштеринде 15 млн. сомдон ашык зыян келтиргени айтылат.

Количество просмотров: 377