• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Ибраев Энергетика министринин милдетин аткаруучу болду

14 Аяк оона 2022 17:32 Бишкек Govori.TV

КР энергетика министринин орун басары Таалайбек Ибраевге КР энергетика министринин милдеттери убактылуу жүктөлдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Энергетика министри жок болгон мезгилге Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары Ибраев Таалайбек Омукеевичке Кыргыз Республикасынын энергетика министринин милдеттерин аткаруу жүктөлдү.

Президенттин дагы бир Жарлыгы менен Доскул Бекмурзаев тергөө мезгилине КР энергетика министри кызматынан убактылуу четтетилген болчу.

Количество просмотров: 246