Бишкек.07.05.2019.Govori.TV.
Жеңиш күнүнө карата уюштурулган көк бөрү боюнча турнирде командалар арасында массалык мушташ чыкты.
Маалыматка ылайык, экинчи таймдын аягында (5:2) эсебинде “Достук” командасы алдыга чыккан убакта Манас Ниязов менен Нурбек Юсупов уруша кетип, аттан түшүп мушташа баштаган. Буга ылайык, башка оюнчулар дагы келип, бири-бирин камчы менен чабышкан.
Ал эми калыстар тобу экинчи таймдын жыйынтыгын жарыялап, урушту токтотууга үлгүрүшкөн.