• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

ДСУ менен министрлик: Кыргызстандын калкынын 55% вакцина алууга чындап даяр

6 Чын куран 2021 13:56 Бишкек Govori.TV

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) менен биргеликте Кыргызстандын калкынын COVID-19 илдетин түшүнүүсүн жана тажрыйбасын баалоого арналган жаңы изилдөө жүргүздү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кыргызстандын калкынын 55% вакцина алууга чындап даяр экендигин же кандайдыр-бир каалоосу бар экендигин билдиришкен. Аталган изилдөө ДСУ менен USAIDдин техникалык жана каржылык колдоосу менен, 2020-жылдын декабрь айынан 2021-жылдын февраль айына чейин үч толкун менен жүргүзүлдү.

Маалыматтарды топтоо Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жетекчилиги менен ишке ашырылды жана бул долбоордун алкагында топтолгон бардык маалыматтар ушул министрликке тиешелүү.

«Жүргүзүлгөн изилдөө өтө маанилүү, анткени ал бизге адамдардын вакцина алууга болгон даярдыгын түшүнүүгө жардам берет. Бүгүнкү күндө эмдөө жүргүзүү пандемияны көзөмөлдөөнү камсыз кылуучу, жаңы учурлардын жана өлүмдүн санын төмөндөтө турган негизги коргоочу чаралардын бири экендигин түшүнүшүбүз керек»,- деп белгиледи өз сөзүндө ДCУнун Кыргызстандагы өкүлү Назира Артыкова. «Вирустун жугуу деңгээлин төмөндөтүү боюнча иш-чаралардын маанилүү элементтеринин бири — калктын жүрүм-туруму болуп саналат. Эпидемияга каршы натыйжалуу күрөшүү үчүн жүрүм-турумду, жашоо образын жана адаттарды өзгөртүү керек. Мындай жүрүм-турум изилдөөлөрү COVID-19 менен күрөшүү үчүн натыйжалуу чараларды түзүүгө жардам берет, ошондой эле адамдардын жүрүм турумуна таасир этүүчү негизги багыттарды жана маалыматты таратуудагы актуалдуу каналдарды аныктоого жардам берет. Изилдөөнүн натыйжалары эмдөө стратегиясынын өзгөрүүсүнө алып келет», — дейт Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Бакыт Джангазиев.

Маалымат каражаттарында COVID-19 илдети сыяктуу эле, вакцина тууралуу маалыматтардын тактыгын баалоо өтө татаал маселе болуп калды (40%). Изилдөө жүргүзүүнүн биринчи жана экинчи этабына салыштырганда ден соолук маселелеринде адамдардын сабаттуулугунун деңгээли бир кыйла төмөн экендигин белгилөөгө болот.

«Сурамжылоого алынгандардын жарымынан көбү вакцина тууралуу жакшы маалыматыбыз бар деп эсептешет. (52%) жана вакцина боюнча сунуштарды түшүнүү менен кабыл алышат (54%). COVID-19 илдетине шектенүү жаралганда эмне кылуу керек экендиги боюнча Кыргызстандын калкынын маалымдуулук деңгээли 69% дан 63%га чейин, ал эми зарыл болгон маалыматты таба ала тургандардын үлүшү 64% дан 59%га чейин кыскарды»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 112