• Бейшемби 16 Теке 2026
  • Четверг 16 Июль 2026

Дубайда жапырт мушташтан кийин Өзбекстандын 15 жараны кармалды

29 Чын куран 202518:15 Бишкек Govori.TV

Дубайда жапырт мушташтан кийин Өзбекстандын 15 жараны кармалды. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Ахрор Бурханов билдирди.

«Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ) окуя боюнча иликтөө жүрүп жатканын жана Өзбекстандын 15 жараны кармалганын билдирди. Соңку учурда өзбек жарандарынын арасында мыйзам бузуу көбөйүп жатканы белгиленип, бул жагдай эки өлкө ортосундагы визасыз режимге таасир этиши мүмкүн экени айтылды», — деди Бурханов.

Мушташ тууралуу маалыматтардан кийин интернеттин өзбек сегментинде БАЭ бийлиги өзбекстандыктарга өлкөгө кирүүгө тыюу салды деген кабарлар тараган.

Бирок Бурханов бул маалыматты төгүндөп, Ташкент менен Абу-Дабиyby ортосунда визасыз режим күчүндө экенин билдирди.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 377