• Бейшемби 16 Бугу 2024
  • Четверг 16 Май 2024

Дубайда төөлөрдүн ооруканасы ачылды

17 Бештин айы 2017 10:40 Бишкек Govori.TV

Дүйнө жүзү боюнча биринчи жолу Дубайда төөлөр үчүн оорукана ачылганын The Daily Mail жазып чыкты.

Маалыматка таянсак,оорукана бир убакта 20 жаныбарды кабыл ала алат. Операция баалары 845 евродон башталса, рентген, УЗИлери 92 евродон өйдө турат.

Белгилей кетсек, Бириккен Араб Эмиратынын тургундары төөлөрдүн жарышын өткөрүп көңүл ачышат. Жакшы тукумдан чыккан төөлөр миллион долларга чейин турат. Андыктан оорукана да дал ушул кымбат төөлөрдү медициналык көзөмөлдөн өткөрүү үчүн ачылган.
Dubai Camel Hospital ооруканын курулушуна 40 миллион дирхам башкача айтканда 756 миллион сом сарпталган. Ошондой эле ал жерде өз ишин мыкты билген адис мал доктурлары иштеп, заманбап медициналык жабдыктары дагы коюлган.

Количество просмотров: 5