• Шаршемби 3 Кулжа 2026
  • Среда 3 Июнь 2026

Дубнов: Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал Тажикстан үчүн «ыңгайлуу болушу мүмкүн“

30 Чын куран 2021 3:24 Бишкек Govori.TV

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын Душанбеде Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө өлкөлөрдүн Коопсуздук кеңешинин катчыларынын жыйыны өтүп жаткан маалда чыкканы Тажикстан үчүн «ыңгайлуу болушу мүмкүн». Бул тууралуу Борбор Азия чөлкөмү боюнча эксперт Аркадий Дубнов “Настоящее время” каналына билдирди. 

“Кыргызстан жетекчилиги туруктуу болбой турган жагдайда, УКМКнын жетекчиси Ташиев ден соолугуна байланыштуу чет өлкөгө кеткен учурда, өлкөдө ички саясий абал анча жакшы болбой турганда аскердик аракеттерди баштоого кызыкдар болмок беле? Бул алардын кызыкчылыгындагы иш эмес деп ойлойм. Азыр мендеги маалыматка караганда, тажик тарап оор техника менен минамет, тик учактарды колдонгону айтылып жатат. Өтө батыл башталган аскердик аракеттердин артында Тажикстандын Ворух анклавы менен байланыштырган жолду көзөмөлдөө үчүн кызыкчылыгы болушу мүмкүн” — деп билдирди Дубнов.

29-апрелде Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында кырдаал курчуп кетти. Түштөн кийин Ак-Сай айылындагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы (“Головной”) суу бөлүштүрүүчү жайдын тилкесинде атышуу болду. Бул үчүн эки тарап бири-бирин айыптап жатат.

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында 28-29-апрелде чыккан кагылышуулардан үч жаран каза болду, 84 киши жараат алды.

Количество просмотров: 426