Тажикстандагы «Душанбе Сити» банкы техникалык мүчүлүштүктөрдөн кийин Орусиянын «Мир» төлөм системасынын карталарын тейлөөнү токтотту.
ТАСС агенттигинин маалыматына караганда, учурда аталган банктын банкоматтары менен РОS-терминалдары «Мир» карталарын кабыл албай жатат.
Банктан техникалык көйгөйлөр 23-сентябрда башталганын билдиришкен.
«Душанбе Сити» карта колдонуучуларынын саны боюнча Тажикстанда экинчи орунда турган банк.
Тажикстанда «Мир» карталарын эки гана банк тейлейт – «Сбербанк Тажикстан» («Амонатбанк») жана «Душанбе Сити».
23-сентябрда Өзбекстанда да техникалык себептерден улам «Мир» караталарын кабыл алуу убактылуу токтотулган.
Буга чейин Вьетнамдын, Түркиянын жана Казакстандын айрым каржы-насыя уюмдары «Мир» төлөм системасы менен иштешүүнү токтоткону кабарланган.