• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Душанбеде эки белгилүү блогер кармалды

16 Кулжа 2022 9:01 Бишкек Govori.TV

Тажикстандын эки белгилүү блогери – Далер Имомали менен Абдулло Гурбатини 15-июнда Душанбе шаарынын Шомансур районунун прокуратура кызматкерлери кармады. Блогерлер эмнеге айыпталып жатканы белгисиз.

Тажикстандагы көйгөйлүү маселелерди козгоп келген блогер, актер жана режиссер Далер Имомали 4-июнда укук коргоо органдарынын кызматкерлери кармаганын жана беш саат суракка алганын, ур-токмокко кабылганын кабарлаган. Блогер өзүнүн YouTube-каналына жарыялаган кайрылуусунда бул окуя ал Душанбенин Шохмансур райондук акимчилигинен видео тартып кеткенден кийин болгонун айткан.

Далер Имомали 15-июнь күнү эртең менен кармалган, түштөн кийин башка бир журналист, блогердин репортаждарынын авторлошу Абдулло Гурбати да суракка чакырылган. Ушул тапта алар кайда экени белгисиз.

Эки блогер Тажикстандагы журналисттик уюмдар, мамлекеттик жана жеке гезиттердин редакциялары бийликтен «Озоди» радиосунун журналисти Муллоражаб Юсуфзода менен блогер Далер Имомалиге кол салгандарды табууну жана жоопкерчиликке тартууну талап кылышкандан бир нече күн өткөн соң кармалды.

Эл аралык уюмдар Тажикстандын бийлигин сөз эркиндигин чектөөгө айыптап келишет. Расмий Душанбе мындай айыптоолорду четке кагып, өлкөдө бардык ЖМКлар үчүн эркин ишмердүүлүк жүргүзүүгө бүт шарттар түзүлгөнүн билдирүүдө.

Количество просмотров: 274