• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Гульзада Станалиева менен подкаст: Блогерлер биздин ойго кантип таасир этет?

6 Жетинин айы 202516:00 Бишкек Govori.TV
ГовориТВ маалымат агенттик Ойлон долбоордун алкагында подкастарды улантат. Бул ирет конокто адабиятчы, филология илимдеринин кандидаты Гүлзада Станалиева болмокчу.

Подкастта TikTok, Instagram, YouTubeдагы популярдуу блогерлер биздин ой жүгүртүүбүзгө кандай таасир этет, инфлюенсерлерди коомдун жаңы “лидерлери” деп атасак болобу деген суроолорго жооп изделди.

Жана ошондой эле инфлюенсер феномени, алар кимдер, Кыргызстанда кайсы тармактагы блогерлер элге көбүрөөк таасир этүүдө, жаштар эмне үчүн көбүнчө блогерлерге ишенишет, ал эми салттуу ЖМКга анча көңүл бурбай калыштыбы, бул тууралу кенен баарлашуу өттү.

Бирок ошол блогерлердин таасиринин жакшы жактары тууралуу да кеп болду. Инфлюенсерлердин коомго тийгизген оң таасирин айта кетсе, билим берүүчү контент, социалдык кампанияларга катышуу, жаштарды мотивациялоо жана башка жакшы темаларды камтыган долбоорлор.

Ошол эле убакытта, блогерлер көбүнчө “өзүнүн көз карашын” абсолюттук чындык катары бергени канчалык коркунучтуу, социалдык тармактардагы фейк жаңылыктар жана манипуляциялар, эл арасында “жеке пикир” менен “чындыкты” айырмалай билүүнүн мааниси тууралуу да сөз козголду.

Жыйнтыгында, жарандар инфлюенсерлерди кантип сын ой жүгүртүү менен кабыл алышы керек, медиасабаттуулуктун ролу жана коомдук ишенимди сактоо үчүн блогерлердин моралдык жоопкерчилиги боюнча Гулзада Станалиева айтып берди.



Количество просмотров: 476