• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Душанбеде КМШ өлкөлөрүнүн мамлекет башчылары чогулат

26 Аяк оона 2018 11:29 Бишкек Govori.TV
Бишкек.26.09.2018.Govori.TV.
Тажикстандын борбору Душанбе шаарында 27-28-сентябрь күндөрү КМШ мүчө-мамлекеттердин өлкө башчыларынын кеңешинин кезектеги отуруму болот. Ага президенттер Россия-Владимир Путин, Беларусия- Александр Лукашенко, Казакстан-Нурсултан Назарбаев, Азербайжан-Ильхам Алиев, Молдова-Игорь Додон, Өзбекстан-Шавкат Мирзиёев, Кыргызстан-Сооронбай Жээнбеков, Тажикстан-Эмомали Рахмон жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинян катышат.
Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов саммитке катышпайт. Анткени ал 29-сентябрдан 2-октябрга чейин Нью-Йоркто болуп, БУУнун Башкы Ассамблеясынын 73-сессиясына катышат. Душанбедеги саммитке Түркмөнстандын атынан вице-премьер Пурли Агамырадов катышат. Ошондой эле саммитке Украина катышпайт, — деп билдирет “Азия плюс” агенттиги.
Саммитте келечекте саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык тармакта жана башка Шериктештиктин маанилүү багыттары боюнча кызматташууга багытталган долбоорлор боюнча документтерди талкуулоо жана кабыл алуу каралган.
Саммиттин алкагында адатта мамлекет башчыларынын тар жана кенен чөйрөдөгү, эки тараптуу жолугушуулары болот.
Количество просмотров: 22