• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Душанбеде курсанттын өлүмүнө айыпталган эки офицер соттолду

24 Аяк оона 2020 18:30 Бишкек Govori.TV

Душанбе гарнизонунун Аскердик соту Жогорку чек ара окуу жайынын эки офицерин курсанттын өлүмүнө күнөөлүү деп таап, алты жана сегиз жылга эрктеринен ажыратты.

Окуу жайдын офицерлери Рамазон Абдурахимова менен Жахонгир Давлатовго каршы сот өкүмү 22-сентябрда чыкты. Аларга «Кызматтык ыйгарым укуктарын кыянат пайдалануу» беренеси боюнча айып тагылган.

Соттун маалыматына ылайык, Зафарабад районунун 20 жаштагы тургуну Хошимжон Сафаров 2018-жылы августта Жогорку чек ара окуу жайына кабыл алынып, дароо эле талаа машыгууларына жөнөтүлгөн. Ал жерден курсант окуу жайдын эки окутуучусу тарабынан сабалып, «алган жаракаттарынан улам каза болгон».

Офицерлер курсанттын өлүмүнө тиешелери жок экенин, ал ур-токмоктон эмес, өз оорусунан улам өлгөнүн билдиришүүдө. Бирок сот окуу жайга кабыл алынардын алдында курсант медициналык текшерүүдөн өтүп, ден соолугу жакшы деген чечим чыкканын билдирди.

Соттун өкүмү менен соттолуучуларга мунапыс тууралуу 2019-жылдагы акты колдонулуп, алардын жаза мөөнөтүнүн үчтөн бири кыскартылат.

Маркум курсанттын ата-энеси сот өкүмү менен макул эмес экенин, жогорку баскычтагы сотко апелляциялык арыз менен кайрыла тургандыктарын билдиришти. Алар айыпталуучуларга жеңил жаза берилип калды деп эсептешүүдө.

Количество просмотров: 125