Душанбеде көмүр кычкыл газына ууланып бир үй-бүлөнүн алты мүчөсү каза болду. Каргашалуу окуя 27-февралга караган түнү борбор калаанын Фирдавси районунда болгон.
29-февралда эртең менен бул кабарды «Озоди» радиосуна Тажикстандын Өзгөчө кырдаалдар комитети тастыктады. Маалыматка караганда, иске ууланып, жубайлар жана алардын төрт баласы каза болгон.
«Озоди» радиосунун маалыматы боюнча, жабыркагандардын бардыгы тез арада «Истиклол» клиникасына жеткирилген, бирок кеч болуп калган.
Жыл сайын сууктун түшүшү менен Тажикстанда жер тамда жашагандар үйлөрүн отун, көмүр менен жылытат. Кээде коопсуздук эрежелери сакталбай, ушул өңдүү трагедиялар болот.
Тажикстанда акыркы күндөрү аба ырайы суук болгонуна карабай, электр жарыгы үзгүлтүккө учуроодо. Тургундар мындай кырдаалда үйлөрүн ар кандай жол менен жылытууга аргасыз болуп жатканын айтууда.