• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Душанбеде мектептеги өрттүн себептери такталууда

23 Кулжа 2023 16:16 Бишкек Govori.TV

Душанбедеги №71 орто мектепте чыккан өрткө экинчи кабаттагы жыйындар залына орнотулган кондиционердеги кыска туташуу себеп болушу мүмкүн. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.

Мекеменин 23-июнь күнү эртең менен жарыяланган билдирүүсүндө мектеп имаратындагы өрттү өчүрүүгө шаардык милиция бөлүмүнүн 125, өрт өчүрүү кызматынын 150 кызматкери, 16 өрт өчүрүүчү жана 18 суу ташуучу автоунаалар тартылганы жазылган.

Өрт 1500 чарчы метрге жайылган. Учурда атайын түзүлгөн жумушчу топ келтирилген зыянды өлчөмүн тактап жатат.

«Озоди» радиосунун окурмандары редакцияга мектептеги өрттү өчүрүү учуру тартылган видеолорду жөнөтүшкөн. Андан өрт мектеп имаратынын кыйла бөлүгүнө жана чатырына жайылып кеткенин көрүүгө болот.

Количество просмотров: 128