• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Душанбеде Орусияга учуп кете албаган жүздөгөн жүргүнчү митинг өткөрдү

27 Бугу 2021 12:54 Бишкек Govori.TV

26-майда билеттери бар экенине карабастан Орусияга учуп кете албай жаткан жүздөгөн жүргүнчү Душанбе эл аралык аэропортунун алдына топтолуп, бийликтен маселелерин чечип берүүнү талап кылышты.

Нааразы болгон жарандардын акциясы 26-май күнү түштөн кийин башталып, болжол менен эки саатка созулду.

Чогулгандар бир жума мурда сатып алган билеттери менен Орусияга кете албай жатышканына нааразылыктарын билдиришти. «Сиз биздин бул маселебизди чечишиңиз керек. Адамдардын көбү авиабилеттерди сатып алуу үчүн карызга же банктардан насыя алышкан», — деди жүргүнчүлөрдүн бири.

Акция катышуучуларынын алдына өлкөнүн Жарандык авиация агенттигинин башчысы Икром Субхонзода чыгып, мындай абалдын жаралганына Орусиянын «Северный ветер» авиакомпаниясын айыптады. Анын айтымында, компания 25-майда гана чартердик каттамдардын билеттерин 500 доллардан ашырбоого макул болгон.

11-майда Тажикстандын Жарандык авиация агенттиги авиабилеттери кымбат деген жүйө менен «Северный ветер» жана «Сибирь» авиакомпанияларынын каттамдарын убактылуу токтоткон. Анда мекеме мындай чечим жүргүнчүлөр билеттердин кымбаттыгына даттангандан кийин кабыл алынганын билдирген.

«Северный ветер» авиакомпаниясынын Фируз Гуломзода аттуу жүргүнчүсү 19-майдан бери Казан шаарына учуп кете албай жатканын билдирүүдө. «Коронавирус жок экенин ырастаган маалымкаттын мөөнөтү аяктады. Кайра тест тапшырууга акчаны кайдан алабыз?», — деп суроо салды ал.

«Озоди» радиосунун журналисттери «Северный ветердин» өкүлдөрү менен байланыша алган эмес. Буга чейин компаниянын расмий өкүлү Фирузжон Юнусова каттамдарга авиабилеттердин баасы 8500 сомониден жогору эмес экенин билдирген.

Тажикстан менен Орусия 1-апрелден тартып туруктуу аба каттамдарын калыбына келтиргенин жарыялаганына карабастан, жарандар авиабилеттердин кымбаттыгына жана сатып алган билеттери менен учуп кете албай жаткандыктарына даттанып келишет.

Бүгүнкү күнгө карата Тажикстан менен Орусиянын ортосунда каттамдарды аткаруу укугуна «Сомон Эйр», «Урал аба жолдору», UTair, «Сибирь» жана «Ямал» авиакомпаниялары ээ.

Количество просмотров: 3125