• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Душанбедеги мушташта жогорку кызматта иштеген аткаминердин уулу жаракат алды

16 Жетинин айы 2022 16:00 Бишкек Govori.TV

Душанбе эл аралык аэропортунун VIP-залынын башчысы жана Исмаили Сомони районунун акиминин уулу Зафаржон Сами шаардагы ресторандардын бириндеги мушташ учурунда жаракат алды.

«Озоди» радиосу өз булактарына таянып, Саминин башына үч жолу бычак сайылганын кабарлады. Тажикстан ИИМи бул факты боюнча иликтөө иштерин баштады.

Мушташ 11-ноябрь күнү кечинде болгон, бирок ал тууралуу кеңири маалымат эми гана чыга баштады. 24 жаштагы Зафаржон Сами жаш жигиттер тобу менен мушташып кеткен. «Зафаржондун башына үч жолу бычак сайылган, дарылануудан кийин ал жакшы болуп келе жатат», — деди укук коргоо органдарындагы өз булак.

Тажикстан ИИМи «Бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун маалымдады.

Количество просмотров: 463