• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Джамангараева: Чечилбеген көйгөйлөрдү лидер болуу менен бийликке жеткирем

19 Бирдин айы 2023 15:03 Бишкек Govori.TV

17-18-19-февраль күндөрү “GOVORI.TV” мультимедиалык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” телевизиондук ток-шоусунун алкагында кезектеги окутуу иш-чарасын өткөрүп жатат. Ага Ош, Жалал-Абад, Чүй, Талас, Бишкек, Баткен, Нарын, Ысык-Көл облустарынан жалпы 17 айым келген. 7 дубандан келген айымдардын ичинде мамлекеттик кызматкерлер, жергиликтүү кеңештин депутаттары,мугалим, жарандык активисттер жана жеке ишкерлер бар.

Алардын бири Айжан Джамангараева, ал «Трансплантациядан кийинки жашоо коомунун» негиздөөчүлөрүнүн бири.

«Бул тренингге катышууну кыялданып жүрчү элем, келип катышып олтурам. Мен өзүм 3 жыл болду Турциядан бөйрөгүмдү алмаштырып келгем. Бул көйгөйдү мен өз жон терим менен сезип билем. Бул адамдар мүмкүнчүлүгү чектелген 1-группадагы майыптар болуп эсептелинет. Бизге жана коомубузга жардам керек. Буга чейин бир топ маселелер чечилип келди, бирок дагы да көйгөйлөр көп», дейт ал.

Количество просмотров: 104