Адвокат Назгүл Сүйүнбаева жактоочусу Досонов No1 СИЗОдо катуу сабалганын жана ага керектүү медициналык жардам көрсөтүлбөгөнүн билдирди.
«Aл колун кыймылдата албай, аябай мыкаачылык менен ур-токмокко алынган, анын денесинин арткы бөлүгүн далыларынан тизесине чейин каптап, уруп-согуп, шишип кеткен, ага медициналык жардам көрсөтүлгөн эмес. Бул маалыматты өз көзү менен көргөн адамдан алдым. Мындай абалда ал жалгыз эмес деп эсептейм жана Т.Султанбековдун сөзүнө ишенбөөгө негиз жок», — деп жазган адвокат.

Эске сала кетсек, Темирлан Султанбеков No1 СИЗОдон кат жазып, анда мекеменин кызматкерлери 100дөн ашык камактагыларды сабаганын билдирген.
Буга чейин 20-декабрда камераларда тыюу салынган буюмдарды аныктоо максатында тинтүү жүргүзүлгөнү маалымдалган. Ошол эле учурда адвокаттарга кардарларына барууга тыюу салынган. СИЗО-1ге КР Акыйкатчы институтунун жана Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери барышкан. Алар жаза аткаруу кызматынын кызматкерлерине карата арыз жазышкан. КР Жаза аткаруу кызматы бул маалыматты четке кагып, абактагыларды эч ким сабабаганын жана жактоочуларга жаза өтөө мекемесине барууга тыюу салынбаганын билдирди.