• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Абактагылар массалык ачкачылык кармашуудабы? ЖАКтын жообу

23 Бештин айы 202413:27 Бишкек Govori.TV

Жазаларды аткаруу кызматы абактагылардын массалык ачкачылык акциясы башталганы тууралуу маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирди.

Малыматта айтылгандай, ЖАКтын мекемелери күнүмдүк тартипке ылайык кадимкидей иш алып барууда.

«Социалдык тармактарда жана коомдук сайттарда 22-декабрга караган түнү Жазаларды аткаруу кызматынын түзөтүү мекемелеринде жана ТИЗОлорунда абактагылардын массалык ачкачылык акциясы башталганы тууралуу маалымат тараган. Жазаларды аткаруу кызматы жалпыга маалымдоо каражаттарынын, жарандарды жана соттолгон жана тергөөдө камалгандардын жакындарын расмий маалымат булактарына гана таянууга жана такталбаган маалыматтарды таратпоого чакырат», — деп жазылат маалыматта.

Количество просмотров: 209