• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

ЖАК Аскат Жетигендин айткандарын четке какты

24 Бугу 20249:23 Бишкек Govori.TV

Аскат Жетиген уулуна карата эч кандай кыйноолор болгон эмес, анын айткандары чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти.

“Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө айыпталуучу Аскат Жетиген уулу Тергөө абагында (СИЗО-1) кармалып турган учуруда ага карата эч кандай кыйноолор болбогондугу тууралуу билдирди. Ал сот учурунда айткан сөздөрүн төгүндөп, түшүнүк кат жазып берди”, — деп белгилешти ведомстводон.

Белгилей кетсек, 23-майда Аскат Жетиген уулунун иши Свердлов райондук сотунда каралып, анда ал кармалгандан кийин кыйноого кабылганын билдирген.

Аскат Жетиген “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти басып алууга чакырык жасоо” беренелери боюнча айыпталып жатат.

Количество просмотров: 332