• Шаршемби 17 Кулжа 2026
  • Среда 17 Июнь 2026

«Дженгонун» кылмыштуу тобунун дагы бир мүчөсү кармалды (видео)

13 Бирдин айы 202311:26 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусунда К.Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрүнүн бири К.С. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, КР аймагындагы уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүүнүн алкагында, 2023-жылдын 10-февралында КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан КР ИИМ Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, Жалал-Абад облусунун аймагынан К.Досоновдун (криминалдык чөйрөдө «Дженго» деген кайманаты менен белгилүү) уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрүнүн бири К.С. кармалды.

Кармалган К.С. 1986-жылы туулган, КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинде каралган кылмыштын негизинде 2022-жылдын июнь айынан бери издөөдө жүргөн. Кармалган жаран Жалал-Абад облусунун Ноокен РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда К.С.тин башка кылмыштарга катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 268