• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Ошто опузалап акча талап кылган УКТ мүчөлөрү кармалды

22 Чын куран 2024 9:16 Бишкек Govori.TV

Ошто опузалап акча талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2024-жылдын 19-апрелинде ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы Тергөө кызматы тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында Ош облусунун жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бийлигинин жетекчилеринен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү 1 млн сом жана 500 миң доллар опузалап талап кылышканы аныкталган. Кийин шектүүлөр — К.Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү 1973 жылы туулган Ч.А. жана 1981-жылы туулган И.Э. кармалышып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

20-апрелинде тергөө тарабынан К.Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө карата Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 4-бөлүмүнүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн кылмыш иши боюнча айыбы угузулуп, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен баш коргоо чарасы катары тергөө аяктаган мөөнөткө чейин камакка алынышты.

Кылмыш иши боюнча кылмышка катыштыгы бар дагы башка К.Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөлөрүн тактоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартууга багытталган тергөө амалдары жүрүп жатат.

Количество просмотров: 73