• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Джентаева: Айыл жергесинде социалдык көйгөйлөр көп

27 Үчтүн айы 2024 10:18 Бишкек Govori.TV

25-26-27-январь күндөрү “GOVORI.TV” агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында онунчу тренингин өткөрдү. Ага өлкөбүздүн булуң-бурчунан айылдык кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активисттер, жеке ишкер жана мамлекеттик кызматкерлер келген.

Алардын бири Эльвира Джентаева, Ысык-Көл облусунан келген. Кесиби боюнча педагог.

«Учурда кесиптик лицейде бөлүм башчы болуп эмгектенем. Ошондой эле өзүбүздүн айылыбыздагы балдарды өнүктүрүү борборунун жетекчиси болом. Биздин борбордо 2-3 жаштан өйдө балдар билим алышат. Бул тренингден камерадан сүрдөбөй сүйлөө, лидерлик сапатымды өстүрүү, өзүмдү көрсөтө билүү деген нерселерди үйрөнгүм келет. Негизинен айыл жергесинде социалдык суроолор көп, мисалы бизде өнүктүрүү борборлору аз, ЛОВЗ балдар менен иштешкен борборлор жокко эсе. Ушул көйгөйлөрдү көтөрүп чыгып, бийликке жеткирүү ишин кылып жатабыз», — дейт Джентаева.

Количество просмотров: 83