• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Эң көп каражат тапкан атактуулардын рейтинги жарыяланды

11 Теке 20199:32 Бишкек Govori.TV

Бишкек.11.07.2017. Govori.TV

Эң көп акча тапкан белгилүү адамдардын быйылкы рейтингин Американын Forbes басылмасы  жарыялады.

Бул жылдын эсебинен  тизменин сап башына ырчы жана актриса Тейлор Свифт турат. Анын бир жылдык кирешеси 185 миллион долларды түзгөн.

Экинчи орунга Ким Кардашьяндын сиңдиси, «Кардашьяндар үй-бүлөсү» реалити-шоусунун катышуучусу Кайли Женнер. Ал бир жыл ичинде 170 миллион доллар каражат тапкан.

Ал эми үчүнчү орунда 150 миллион доллары менен рэпер Канье Уэст жайгашса, төртүнчү орунга бир жылда 127 миллион доллар киреше тапкан футболчу Леонель Месси жазылган.

Количество просмотров: 11