• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Эки Кореяны жакындаткан Кышкы Олимпиада аягына чыкты

26 Бирдин айы 2018 9:34 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 26.02. 2018. Govori.TV

25-февраль күнү кечинде Түштүк Кореянын Пхёнчхаң шаарында өтүп жаткан Кышкы Олимпиада оюндары аяктап, спорттук чоң мелдешти оту өчүрүлдү. Дүйнөлүк коомчулукта эң башкысы Түштүк жана Түндүк Кореянын ортосундагы тоңгон муздай мамилени бир аз болсо да жылытуу менен эсте калган бул ири мелдеште жеңиштин башында Норвегия мамлекети турду.  Бул өлкө спортчулары жалпысынан 39 медалга(14 алтын, 14 күмүш жана 11 коло) ээ болуп, 2010-жылдагы Ванкуверде 37 медаль алган АКШнын рекордун басып өтүштү.

Андан кийинки күмүш сапка Германиянын спортчулары ээ болуп, 31 медаль(14 алтын, 10 күмүш, 7 коло) тагынышса, 3 коло сапты Канадалыктар багынтып, 29 медаль(11 алтын, 8 күмүш, 10коло) менен өлкөсүнө кайтып кетишти.

Орусиялыктар Эл аралык Олимпиадалык комитеттин кысымы астында, өз желегин көтөрүүгө укуксуз болуп, жарым-жартылай спортчулары менен катышса да хоккей боюнча чемпион болуп, жалпы эсепте  2 алтын, 6 күмүш, 9 коло менен 13-сапка жазылышты.

Кыргызстандан барган 2 спортчу тилекке каршы, жарыштарда  “ат ойнооктун белинде” калышты…

Эми 2022-жылы Кышкы Олимпиада Бээжинде өтөт.

 

 

Количество просмотров: 12