• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Максим Гордеев кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземинде туу көтөрүп чыкты

4 Бирдин айы 2022 18:53 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык спортчу Максим Гордеев Пекиндеги XXIV кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземинде өлкөнүн туусун көтөрүп чыкты. Олимпиаданын ачылышы Бишкек убактысы боюнча саат 18:00дө башталды. Иш-чарага президент Садыр Жапаров дагы катышууда.

Белгилей кетсек, Олимпиадага Кыргызстандын спорттук делегациясынын курамына Гордеевдин машыктыруучусу Игорь Борисов, Улуттук олимпиада комитетинин кызматкери Чолпон Жумагазиева, Эл аралык олимпиада комитетинин чакыруусу менен КР УОКтун президенти Садыр Мамытов жана УОКтун башкы катчысы Кылычбек Сарбагишев кирген.

Кыргызстандын атынан кышкы оюндарга лыжа тебүү спортунан Максим Гордеев гана катышат. Ал 16-февралда күчүн сынайт.

Эскерте кетсек, кышкы Олимпиада оюндары 4-20-февралда Кытайдын Пекин шаарында өтүүдө.

Возможно, это изображение (1 человек и в помещении)
Возможно, это изображение (3 человека, люди стоят и текст «PHILIPS»)
Количество просмотров: 236