• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Эки жолу шаардык кеңешти таратып, акыры мэр болду

7 Жалган куран 2018 14:30 Бишкек Govori.TV
Бишкек.07.03.2018. Govori.TV.
Кара-Балта шаардык кеңеши бүгүн мэр шайлашты. Шаар башчысын шайлоо үчүнчү аракетте гана ишке ашты. БШКнын Жайыл районундагы атайын өкүлү Нурадил Жумабаев жаңы мыйзам менен биринчи жол мэр шайланып жатканын айтты.
«Мурда шаар мэрлерин, айыл өкмөттөрүн шайлоодо жалпы депутаттардын 3/2 добушу керек болсо.  Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу боюнча мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ыйлайык, көпчүлүк депутаттардын добушу менен эле шайланат.
Кара-Балта шаарынын башчылыгына бир эле адам талапкерлигин койду. Ал мэрдин милдетин аткаруучу Данияр Шабданов. Ага 30 депутаттын 29 добуш берди. Бирөө каршы чыкты.
Эскерте кетсек Кара-Балта шаардык кеңеши мэрди шайлай албай эки жолу тарады. Экөөндө тең азчылык коалиция Данияр Шабдановдун талапкерлигине каршы чыккан.

 

 

Количество просмотров: 24