• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Экономика министрлиги сатуудан алынуучу салыкты жогорулатууну караштырууда

3 Баш оона 2018 15:42 Бишкек Govori.TV
Бишкек.03.08.2018.Govori.TV.

Экономика министрлиги Салык кодексине өзгөртүү киргизүү менен сатуудан алынуучу салыкты жогорулатуу маселесин кароодо. Салыкты 2 пайыздан 5 пайызга чейин жогорулатуу боюнча документ бүгүн, 3-августта маалымат булактарына тарады.

Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, бул маселе боюнча тийиштүү иштер жүргүзүлүп жатат.

Ошондой эле басма сөз кызматы бүгүн салыктын көтөрүлүшү боюнча коомчулукка толук маалымат айтыла турганын кабарлады.

Ыкчам маалымат алуу үчүн, бул шилтеме аркылуу https://t.me/govori_tvбиздин телеграмга жазылыңыз!

Количество просмотров: 34