• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Экономикалык кылмышка каршы кызмат отчет берет

26 Теке 2018 9:23 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 26.07. 2018. Govori.TV
Бүгүн, “Кабар” агенттигинде КРнын Экономикалык кылмыштарга каршы  кызмат 2018-жылдын 6 айында жасаган иштери боюнча ММКлар алдында отчет берет. Бул тууралуу аталган кызматтан кабарлашты.
Анда белгилүү болгондой, 2018-жылдын башында Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук Кеңешинин жыйынын өткөрүп, анда өлкөдөгү коррупцияга каршы кардиналдуу күрөш жүргзүү боюнча тиешелүү органдарга катуу талаптарды койгон эле. Аз өтпөй Экономикалык кылмыштарга каршы кызматынын башчылыгына Бакир Таиров дайындалып, ортодо бир жума иштеген экс-президенттин мурдагы жансакчысы Болот Сүйүмбакев кызматынан алынган.
Эске сала кетсек, учурда коррупцияга каршы аракеттерден улам кайтарылган каражаттар боюнча атайын эсеп ачылып, ага кайсыл орган канча каражат кайтарганы өз-өзүнчө катталаары болжолдонууда.
 
Количество просмотров: 34