• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Экс-муфтий Чубак ажы Жалилов коррупцияга тиешеси барларды өлүм жазасына тартууну сунуштады

30 Бугу 2018 13:12 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 30.05. 2018. Govori.TV

Диний чөйрөдө таасирлүү аалымдардын бири болгон Чубак ажы Жалилов жемкорлорду өлүм жазасына тартуу жөнүндөгү сунушун радиолордун биринде угармандар менен баарлашуу учурунда айтты. Бишкектеги ЖЭБ жана Улуттук тарых музейди оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу суроолорго жооп берип жатып, экс-муфтий буларга токтолду:

— Биз кыйынбыз го, «Орусияда ушундай экен, Европада мындай экен» дейбиз. Эмне үчүн Кытайды айтпайбыз? Мен Кытайдагы колун, башын кескен мыйзамын колдойт элем. Бул жерде мен–Чубак ажы молдо болгонум үчүн эмес, улуу Кытай кошунабызды мисалга тартып жатам. Кытайда ушундай практика бар экен, коррупция кылгандардын башын алышат экен. Биз да ошондой кылышыбыз керек»-деди.

Мындан бөлөк, ал жакынкы арада жемкорлорго жаназа окууга тыюу салуу боюнча да Аалымдар кеңешине кайрыларын билдирди.

Белгилей кетсек, Чубак Жалиловдун айткандары жазылган видеотасма 27-майда «Youtube» порталына чыгып, эки күндө 15 миңден ашуун адам көрдү. Пикир жазган жүздөн ашуун колдонуучу анын демилгесин колдой тургандыгын билдиришкен.

Фото:Спутник

Количество просмотров: 11