• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Экс-премьердин абактан чыгуу аракети. Шаардык сот бүгүн карайт

9 Баш оона 2018 9:45 Бишкек Govori.TV

Экс-премьердин абактан чыгуу аракети. Шаардык сот бүгүн карайт

Бишкек. 09.08.2018. Govori.TV

Бүгүн экс-премьер министр,  жемкорлукка айыпталып УКМКнын убактылуу кармоочу жайында камакта жаткан Сапар Исаковдун баш коргоо чарасы шаардык сотто каралат. Бул тууралуу анын жактоочусу Нурбек Токтакунов билдирди.

Анын айтымында, Сапар Исаковго тагылып жаткан айыптар оперативдик маалыматтардын негизинде болгондуктан, ал айыптар далилденгенге чейин анын баш коргоо чарасын үй камагына өзгөртүү мыйзамдуу болмок.

“Бүгүн, кечке маал, саат 15:30да Бишкек шаардык сотундамурдагы өкмөт башчынын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча жактоочу тараптын кассациялык өтүнүчү каралат. Биз мыйзамдык алкакта анын баш коргоо чарасын өзгөртүлүүгө тийиш экендигин талап кылып жатабыз”,-дейт ал.

Эске сала кетсек, буга чейин да Сапар Исаков ага УКМКнын тергөөчүлөрү аталган жактоочудан баш тартууну талап кылганын айтып чыккан.

Количество просмотров: 5