• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Эл аралык юристтер бирикмеси адвокат Таалайгүл Токтакунованын жагдайына тынчсызданып, билдирүү таратты.

7 Жалган куран 2018 16:11 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 07.03.2018. Govori.TV.
Эл аралык юристтер бирикмеси «Ата Мекен» партиясынын юристи, экс-депутат Өмүрбек Текебаевдин адвокаты Таалайгүл Токтакунованын жагдайына тынчсызданып, билдирүү таратты.
Уюмдун сайтына 7-мартта жайгаштырылган кайрылуу кыргыз бийлигине багытталган. Кайрылуу ээлери Токтокунованын мүлкү сатыкка коюлганына кабатыр болуп жатышканын билдирип, өз милдетин аткарган адвокатка карата сот чечими эрежеге жат экенин эске салышат.
Уюмдун тең төрагасы Ханс Корелл кыргыз өкмөтүн адвокаттарга өз мыйзамдуу ишмердигин аткарууга шарт түзүп берүүгө чакырган.
Таалайгүл Токтакунованын мүлкүн сатыкка коюу боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев сотко кайрылып жатканын 6-мартта «Ата Мекендин» юристтери кабарлашкан.
Количество просмотров: 22