«Кырк уруу кыргыз жети дубан» элдик бирикмеси Президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жолдошту. Алар өлкөдөгү көйгөйлүү маселелерге мамлекет башчысы көңүл буруп, коомчулук менен жакындан иштешүүсүн талап кылышат.
Кайрылуу 12 пункттан туруп, ата-энеси тарабынан кордолгон балдардын укугун коргоого алуудан тартып, саясий-экономикалык, анын ичинде соттук иштер, чек ара, кендер ж.б. маселелерге чейин камтылган. Элдик кыймыл өкүлдөрү коомдук талкуудан соң, Улуттук улуу жыйын өткөрүү демилгесин көтөрөөрүн белгилешет.