• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

“Электр Станциялары” ААКсы: “ТЭЦке химцех куруу боюнча ТВЕАнын долбоору бар”

3 Бугу 2018 15:05 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 03. 05. 2018. Gov ori.TV

“Бишкек ТЭЦине жаңы сууну химиялык тазалоодон өткөрчү цехти куруу боюнча кытайлык ТВЕА компаниясынын долбоору бизге келип түшкөн жана Бишкек ТЭЦнин жетекчилигине макулдашууга жиберилген”.  Бул жоопту Govori.TV маалымат агенттигине “Электр Станциялары” ААКсынын маалымат кызматынан жөнөтүштү.

Алардын айтымында, учурда курулушту баштоого уруксат алуу үчүн баардык талаптагы документтер Бишкек шаардык архитектура башкармалыгына жөнөтүлгөн. Ошондой эле долбоорду жайгаштыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

“Жаңы химиялык суу тазалоочу цех кытайлык ТВЕА компаниясынын эсебинен 5,5 млн. долларга курулат. Курулуш материалдары менен жабдыктары 90 пайыз алынып келип, бажы документтерин каттоо стадиясында турат”,-деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, кечээ Бишкек ТЭЦиндеги жаңы химиялык цехтин курулушу экотехинспекция тарабынан тийиштүү документтери жоктугунан улам токтотулганын биздин агенттик жазып чыккан элек.

 

Количество просмотров: 13