• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Электр станциялары: Бишкек ТЭЦ боюнча маалымат берүү токтотулду

26 Жалган куран 2018 11:13 Бишкек Govori.TV
Бишкек.26.03.2018.Govori.TV
«Электр станциялары» ишканасынын маалымат кызматы ишкананын башкы директорунун орун басары жана техникалык директору УКМКда камакта жаткандыгына байланыштуу тергөө иштери бүткөнчө жана иштеп жаткан комиссиялар жыйынтыгын чыгарганча Бишкек ЖЭБи боюнча маалымат берүүнү токтоткондугун билдирди.
Эске салсак, Бишкек ЖЭБиндеги авариядан кийин мекемелер аралык комиссия түзүлүп жыйынтыгын чыгарган, учурда депутаттык комиссия ишин жүргүзүүдө. УКМК «Электр станциялары» ишканасынын башкы директорунун орун басары Бердибек Боркоев жана техникалык директору Алмаз Жусупбековду кармаган.
Биздин агенттик «Электр станциялары» ишканасына Бишкек ЖЭБине жана Токтогул ГЭСине алынган трансформаторлор тууралуу маалымат берүүсүн өтүнүп кат жолдогон.
Количество просмотров: 17