• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Эльвира Сариева дагы кызматынан кетти

11 Бештин айы 2017 20:07 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 11.12.2017 Govori.Tv

Бүгүнкү массалык кадр алмашууларга Эльвира Сариева дагы капташты. Алмазбек Атамбаевдин учурунда биринен сала бир кызматка отурган Эльвира Сариева, Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен Президенттин аппарат башчысынын орун басары кызматынан алынды.

Анын ордуна Президенттин башка жарлыгы менен  34 жаштагы Алмамбет Салиев деген жигит дайындалды.

Жаңы дайындалган Президенттин аппарат башчысынын орун басарынын өмур баянына үңүлсөк, 2010-жылдан бери Сооронбай Жээнбеков менен бирге келе жатыптыр. Ош облусттук админстрациясынан көтөрүлгөн Алмамбет Салиев, акыркы мезгилде Өкмөттүн аппаратынын коргонуу, өзгөчө кырдаалдар жана тартип сактоо бөлүмүн жетектеп турган.

Количество просмотров: 7