Бишкек шаарынын Москва көчөсүндөгү троллейбустун чубалгылары иштебей калды. Толейбустар биринин артынан бири токтоп бир нече чакырымга уланган тыгын пайда болду.
Govori.TV агенттигинин суроосуна жооп берген Бишкек шаардык троллейбус башкармалыгы, каттамдарды жөнгө салуу үчүн баардык шашылыш аракеттер көрүлүп жатканын айтты.