• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Эмил Токтошев, ЖК депутаты: “Сиздин 40 кадамыңыз өлкөнүн кадырын кетирди…”

17 Чын куран 2018 12:22 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 17.04.2018. Govori.TV

“Сапар Исакович, Сиздин 40 кадамыңыз өлкөнүн кадыр-баркына доо кетирди. Башкасын айтпайын, Лигласс, Хуавей компаниялары менен болгон макулдашуулар инвесторлорду чочутту…” Бул тууралуу ЖКдагы оппозициялык азчылыктагы фракциялардын Өкмөттүн отчету боюнча жыйынында депутат Эмил Токтошев Өкмөт башчы Сапар Исаковго айтты.

Сапар Исаков болсо жогорудагы компаниялардан мамлекет зыян тартпаганын, 1 млн. 200 миң сом бюджетте калганын, алар келишимдеги кадамдарды аткарбагандыктан келишимди бузууга барганын айтты. “Бул эми дүйнөлүк эле тенденция, баардык мамлекеттерде эле инвестициялык келишимдер түзүлүп, кайра бузулуп кете берет”,-деди ал.

Ал эми “Акылдуу шаар” боюнча өкмөт өзү ишке ашырууга кечирээк ынанып калганын билдирди.

Количество просмотров: 18