Композиторлор союзунун 80 жылдык мааракесине карата Кыргыз Республикмаданият, маалымат жана туризм министрлигинин жарыялаган Республикалык эң мыкты обондуу ырлар боюнча сынак жыйынтыкталды.
Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:
Атуулдук обондор номинациясы
Баш байге — Нурчолпон Улукбек кызы. “Кыргыз бата” . Сөзү:
Шайлообек Рашевдики.
1-орун – Бактыбек Алишеров. “Келечегим — Кыргызстан”. Сөзү: Сарлык уулу
Темирландыкы.
2-орун – Туратбек Дүйшеев. “Кел катарга”. Сөзү: Жолдошбек Бусурманкуловдуку.
3-орун – Жумабек Сагынбаев. “Эр Манастын жигиттери кабылан”. Сөзү: Кайырбүбү
Чолпонкулованыкы.
Лирикалык обондор номинациясы:
Баш байге – Нурканбек Турсунбаев. “Жамийла” (Даниярдын ыры).
Сөзү: Кыялбек Урманбетовдуку.
1-орун – Нурканбек Турсунбаев. “Жайкы жамгыр”. Сөзү: Мидин Алыбаевдики.
2-орун – Сардарбек Жумалиев. “Тилегим”. Сөзү: Жыпар Исабаеваныкы.
3-орун – Каныкей Эралиева. “Сагындым апа”. Сөзү: Кайырбүбү Чолпонкулованыкы.
Балдар обондору номинациясы:
Баш байге – Гүлмира Эсенгулова.
“Момпосуйдай баламын”. Сөзү: Гүлмира Эсенгулованыкы.
1-орун – Камчыбек Букалаев. “Ынтымак ыры”. Сөзү: Миргүл Наралиеваныкы.
2-орун – Тимур Саламатов. “Көпөлөк”. Сөзү: Замира Жантаеваныкы.
3-орун – Нурчолпон Улукбек кызы. “Алтын балалык”. Сөзү: Улукбек Атабаевдики.
Эске салсак сынакта обондуу ырлардын
темасынын жана идеясынын заманга үндөштүгү, бүгүнкү күндүн талабына ылайык
коомго байланышкан процесстерди көркөм ырдап-ачып берүүсү, улутка, мамлекетке
болгон тематикалык ырларды ар-тараптан ачып ырдоосу, текст менен музыканын
шайкештиги, музыкалык тилдеги оригиналдуулугу, музыкалык формалардын даана, так
сакталышы, чыгарманын мазмуну, стили жана темасы сыяктуу критерийлери менен
тандалды.