• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Эр уруштун чебери Бусурманкул Абдыбаит уулунун кезектеги атаандашы ким?

2 Бугу 2018 12:18 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 02.05. 2018. Govori.TV
Эрежесиз эр уруштун чебери Бусурманкул Абдибаит уулунун кезектеги атаандашы аныкталды. Бул тууралуу М-1 Global уюмунун фейсбуктагы баракчасынан маалым болду.
Андагы маалымат боюнча, анын кезектеги атаандашы Германиялык 29 жаштагы Саба Болаги  болмокчу.  Ал буга чейин 10 беттеш өткөрүп анын сегизинде жеңүүчү, биринде жеңилүү аталса биринде тең чыккан, күчтүү мушкер катары эсептелет. Кыргыз мушкери 13 беттеш өткөрүп 2 жеңилүү, 1 тең чыгуу, 10 жеңишке ээлик кылган.
Эске сала кетсек, буга чейин Виктор Колесник менен таймашка чыгаары айтылып  келген. Бирок, атаандаштын эмне себеп менен алмашылганын уюм азырынча ачыктай элек.
Буcурманкул Абдыбаит уулу М-1 Global спорттук уюму менен эки жылга келишим түзгөн. Ушул эле уюмда төртүнчү урушун өткөрүүгө дардык көрүү үчүн, Швециянын белгилүү клубдарынын биринде машыгуусун өткөрүп жатканы белгилүү болду. М-1 Global уюмундагы биринчи атаандашы бразилиялык Диего Давелло менен болуп, биринчи таймашта тең чыгып, экинчи жолку таймашта техникалык нокаут менен жеңишти оодарган. Андан соң кийинки беттеши Орусиялык Максим Дивнич менен болуп үч раунттук беттеште калыстардын чечими менен Бусурманкул жеңишке жетишкен.
Количество просмотров: 13