• Ишенби 27 Теке 2024
  • Суббота 27 Июль 2024

Эрдоган Түрк элинин “түшпөс каныбы?”

4 Бугу 2018 10:24 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 04.05.2018. Govori.TV

Түрк боордошторбуздун өлкө башчысы Режеп Тайып Эрдоган кайрадан президенттике талапкер болуп чыгат. Бул тууралуу эл аралык ММКлар жарыша жазып жатышат.

Анда белгилүү болгондой, парламенттеги «Адилеттүүлүк жана өнүгүү» партиясы аны президенттикке кайрадан талапкер кылып алып чыгуу чечимин кабыл алган. Мындай сунушка 316 депутат макулдугун бергени маалым болду.

Демек, 2019-жылы өтөөрү божжомолдонгон Президенттик жана парламенттик шайлоолор мөөнөтүнөн мурда өтө турган болсо  Эрдоган өлкөдөгү эң жогорку бийлик эгеси болуп калат. Анткени, бул өлкө биз эми көнүшүп, мактап жаткан парламенттик башкаруудан кетип, президенттик башкарууга баруу боюнча референдум өткөрүп, калктын көбү ага макулдугун берген эле. Бирок, жаңы Конституция ошол шайлоордон кийин ишке аша турган болгон.

Режеп Тайып Эрдоган 2003-2014-жылдары Түркиянын премьер-министри болгон, 2014-жылдан ушул кезге чейин президент катары иштеп келет.

 

Количество просмотров: 12