Бишкек. 03. 05. 2018. Gov ori.TV
Теле журналист, белгилүү блоггер Эрнс Кыязов “Бешинчи канал” ЖАКсынын генералдык директору болуп бекитилди. Мындай чечимди маммүлктү башкаруу фонду чыгарганын аталган органдан кабарлашты.
Эрнс Кыязов эмгек жолун 1999-жылы “Кыргыз руху” гезитинде кабарчы болуудан баштаган. 2000-2005-жылдары КООРТ телеканалында иштеген. Андан соң Жогорку Кеңеште маалымат-кызматынын бөлүм башчысы болгон.
2005-2012-жылдары КТРКда эмгектенип, генералдык директордун орун басарлыгына чейин жеткен.
2013-жылы “Ош ТВны” жетектеп, 2015-жылы НТС каналындагы “Ар тарап” ток-шоусун алып барып жаткан жеринен өз арызы менен кеткен.
Буга чейин ал Исламий маалыматтык-аналитикалык билим берүүчү ISLAMLIFE.KG порталын негиздеп, иштеп жаткан.