• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Эртең Сооронбай Жээнбеков Кытайга учуп кетет

5 Кулжа 2018 12:51 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 05.06.2018. Govori. TV

Президент 2018-жылдын 6-8-июнуна пландалган мамлекеттик визити менен Кытай Эл Республикасына барат. Ошондой эле 2018-жылдын 9-10-июнунда Циндао шаарында (КЭР) өтө турчу Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кезектеги отурумуна катышат. Сапарга даярдыктар жөнүндө маалыматты Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевден алды.

Андан тышкары, министр Эрлан Абдылдаев өлкөнүн тышкы саясатынын стратегиялык багыттарынын мындан аркы өнүгүшү боюнча пландар тууралуу айтып берди.

Президент алдыдагы иш-чараларга даярдыктар боюнча бир катар тапшырмаларды берди жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жана достук байланыштарды бекемдөө өлкөнүн экономикалык жана улуттук кызыкчылыктарын эске алуу менен ишке ашуусу керектигин белгиледи.

Количество просмотров: 23