• Бейшемби 9 Бугу 2024
  • Четверг 9 Май 2024

ЕАЭБ форумунда коомдук коопсуздукту 4 миңден ашык милиционер камсыздайт

24 Бугу 2022 11:24 Бишкек Govori.TV

ЕАЭК жана Евразиялык экономикалык форумдун алкагында коомдук коопсуздукту 4 миңден ашык милиция кызматкери камсыздайт. Бул тууралуу ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Исмаилов билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте 26-27-майда Евразиялык экономикалык форум жана Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны өтөт.

“Бүгүнкү күндө Ички иштер министрлиги жогорудагы аталган иш-чараларды өткөрүүдө коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо боюнча бир катар иш-чараларды өткөрдү. Форум өтө турган жерлерде коомдук коопсуздукту камсыздоочу ички иштер органдарынын өздүк курамына тиешелүү тапшырмалар коюлду. Буга чейин Бишкек жана Чүйдө 17-19-май аралыгында “Укук тартип” алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү. Анын негизинде жол боюндагы үйлөрдө жашаган адамдарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мергенчилердин курал-жарактарын сактоо текшерилип, баары каттоого алынды”, — дейт ал.

Исмаилов жарандарды иш-чара өтүп жатканда милиция кызматкерлерине коомдук тартипти сактоого көмөк көрсөтүүгө чакырып кетти.

Количество просмотров: 77