• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары тар чөйрөдө жолугушууда

19 Баш оона 2021 16:10 Бишкек Govori.TV

Евразия экономикалык биримдигинин өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Чолпон-Ата шаарына чогулган өкмөт башчылар тар чөйрөдө сүйлөшүп жатышат. 

Жыйынга Армениянын, Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын премьер-министрлери Никол Пашинян, Роман Головченко, Аскар Мамин жана Михаил Мишустин жана Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов катышат. Байкоочу өлкө катары Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов жана онлайн байланыш аркылуу Кубанын премьер-министри Мануэль Марреро Крус катышат.

Эртең, 20- августта Өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны кеңейтилген форматта өтөт. Жыйындын күн тартибинде уюм ичиндеги соода кызматташтыгы, төлөмдөр жана башка маселелер талкууланат.

Кошумчалай кетсек, ЕАЭБ 2010-жылы Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. Кыргызстан аталган уюмга 2015-жылы кошулган.

Количество просмотров: 96