• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

ЕБ Москвадагы дипломаттарына «Спутник V» вакцинасы менен эмдөөдөн өтүүгө уруксат берди

5 Бирдин айы 2021 9:15 Бишкек Govori.TV

Европа Биримдиги (ЕБ) Москвадагы дипломаттарына коронавируска каршы Орусиянын өндүрүшүндөгү «Спутник V» вакцинасы менен эмдөөдөн өтүүгө уруксат берди. Бул тууралуу ЕБ делегациясынын «Эркин Европа/Азаттык» радиосуна келип түшкөн расмий катында жазылган.

Анда ЕБ аймагында расмий түрдө уруксат бериле элек вакцинаны каалаган дипломаттар сайдырса болору белгиленген.

Аталган радионун Москвадагы булактары Орусиянын бийлик өкүлдөрү чет элдик дипломаттарга жолугушкан сайын «Спутник V» вакцинасын сайдырууну сунуш кылып жатканын кабарлады.

Апта башында дүйнөдөгү абройлуу илимий басылмалардын бири эсептелген The Lancet журналы коронавируска каршы Орусиянын «Спутник V» вакцинасын изилдөөнүн үчүнчү баскычынын алдын ала жыйынтыгын жарыялап, анын натыйжалуулугу 91,6% түзгөнүн билдирген.

Учурда Европанын Дары-дармек агенттиги коронавируска каршы «BioNTech», «Moderna» жана «AstraZeneca» вакциналарын каттоодон өткөргөн.

Количество просмотров: 54