Кыргызстанда жаңы Конституция кабыл алынды. Долбоордун негиздемесине таянып айтсак, көпчүлүк өзгөртүүлөр президенттин ыйгарым укуктарына байланыштуу. Жаңы баш мыйзам боюнча аткаруу бийлигинин эки тизгин, бир чылбыры президенттин колунда болот, ал мамлекет эле башчысы эмес, өкмөттү да өзү башкарат. Муну менен эми кризис болгон сайын мурунку президенттердей өкмөттү садага чаба бербей, президент өзү жоопкерчиликти алат деп ишенип жатышат. Жаңы Конституциядагы президенттин укуктары жана жоопкерчилиги кененирээк төмөндөгү материалда…